Ошто энеси тарабынан депкир менен эсинен тангыча сабалган бала чарчап калды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ал Ош облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей бир жумадай жатты. Кечээ, 11-февралда саат 21:00дөр чамасында чарчап калды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эске салсак, Кара-Кулжа районунун 23 жаштагы тургуну өзүнүн 2 жаш 8 айлык баласын депкир менен эсинен тангыча сабагандыгы маалымдалган. Кийинчерээк өздүк булактар анын сойкулук менен алектениши мүмкүн экендигин билдиришкен. Ал эми дарыгерлер эсин жоготуп ооруканага түшкөн наристенин абалы оор экенин, анын денесинде ур-токмоктон калган эски тактар да бар болгонун айтышкан. Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө аял баласын шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан. Кийин келиндин туугандары табылып, бирок аны менен байланышуудан баш тартып жатышканын Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынан билдиришкен.