Ошто баласын депкир менен эсинен тангыча сабаган келинге "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду

Каза болгон баланын апасыОшто энеси тарабынан депкир менен сабалып, 10 күн комада жатып, эсине келбей чарчап калган 2 жаш 8 айлык баланын энесине Ош ШИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

"Учурда шектүүгө "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү келин бир-эки күндүн ичинде Жалал-Абад облусундагы аялдардын тергөө абагына которулат. Тергөө иштери ошол жерде улантылат. Буга чейин баланын энесине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон", - деди басма сөз кызматынан.

Эске салсак, Кара-Кулжа районунун 23 жаштагы тургуну өзүнүн 2 жаш 8 айлык баласын депкир менен эсинен тангыча сабагандыгы маалымдалган. Кийинчерээк өздүк булактар анын сойкулук менен алектениши мүмкүн экендигин билдиришкен. Ал эми дарыгерлер эсин жоготуп ооруканага түшкөн наристенин абалы оор экенин, анын денесинде ур-токмоктон калган эски тактар да бар болгонун айтышкан. Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө аял баласын шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан. Кийин келиндин туугандары табылып, бирок аны менен байланышуудан баш тартып жатышканын Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынан билдиришкен. Кийин келиндин ата-энеси табылып, бирок кызы менен байланышуудан баш тартышканы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Aidar.001
2018-02-12 12:50:25
Келин эмес мыкаачы! !!!!
+2
AzKumFerDan
2018-02-12 13:00:16
Жырткычко бул келин.Омур бою эркинен ажыратуу керек муну.Кичинекей наристени жайы бейиш болсун
+2
tattusha
2018-02-12 13:00:16
байкуш каристе., бироого кор бироого зар бала
+2
vavilon.
2018-02-12 13:01:54
Жаш кыздын тагдыры талкаланыптыр. Бирок ал олтуройун деп сабабагандыр. Еще ал милицияга тушкондо баласы тируу болчу, адам олтуруу беренеси качан гана бироону олтуруп салганда козголуу керек. Бул деле баласынын олумуно себепчи болду, бирок ал баласын тируу бойдон доктурларга тапшырып андан сон баласы тируу кезинде милицияга тушту.
-4
aerforce
2018-02-12 13:04:41
эх каза болуп калдыбы? мыкаачы айбан десе омур бойу эркинен ажыратсын оз баласын аябаган адам эч качан бироону аябайт коомго зыяндан башка пайдасы тийбейт бизде олум жазасы жок ошол учун эркинен омур бойу ажыратыш керек
+3
omke.85
2018-02-12 13:07:33
Шайтаны кучтуу экен
+1
vavilon.
2018-02-12 13:17:03
Келиндер озунорду ушул келиндин оордуна коюп коргуло. Уйунорго батпай огой энеден запкы жеп, жакшы тарбия корбой чонойду. Олкодогу жумушсуздук, эгер жакшы жумуш болсо иштеп кетер беле, чет олкого чыгуу учун документ керек, каражат керек. А бул кыздын тагдыры оор болгон. Кокусунан ачуу менен баласын уруп алгандыр. Анын олуп калуусун озу турмого кетерин озу да сезбесе керек.
+5
Paprikafm
2018-02-12 13:48:56
vavilon.,Ак эмгек менен иштеймин десе жумуш толтура, жумуш жок деген жон гана шылтоо, ушул бала эмне болду деп кунуго кирип окуйт элем, эх аттин каза болуп калыптыр да, дуйного келип жашоонун таттуу даамын сезбей кордолуп кете бериптир, бейишке чымчык болуп учуп кеттин, аттин дунуйо, жаш балада эмне куноо, журогум ооруп кетти.
+1
asanaliev.s
2018-02-12 14:33:17
Турмодо чирип ол
+2
malikkkg
2018-02-12 20:13:16
Кара кулжанын кайсы айылынан экен?
+1
azimova90
2018-02-13 04:44:45
Омур бойу ажыратсада аздык кылат акмак.Энэ эмес эшек экенго мал да баласын айап асырайт балага зар болуп от акмак
0
azimova90
2018-02-13 04:51:53
Олкодо иш жок болсо туубаш керек да туудубу бакканга милдеттуу а сабаганга эмэс иш жок деп энэлер ушуну кылса байкуш балдардын эртенкиси кандай болот.Аябай окунучтуу заман олкодо иштин жоктугунда куноо эмес адамдардын пейили бузулуп женил ой болуп калышты.Заман эмес адамдар бузулду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан