"Ата журтчу" 3 депутат боюнча кийинки соттук отурум 11-июнга белгиленди
Депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча кийинки соттук отурум 11-июнга белгиленди. Мындай чечим бүгүн, 10-июнда Бишкек шаардык сотунда кабыл алынып, эртеңки отурум саат 10:00дө башталмай болду. Эртеңки отурумга башкы прокурор Аида Салянованын келиши күтүлүүдө.