Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 150 орундуу "Бакыт" аттуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бала бакчанын имаратын оңдоп-түзөө иштерине жана эмерек алууга Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 10 миллион 300 миң сом бөлүнгөн. Эске сала кетсек, быйыл облуста 3 бала бакча ачылды, октябрь айына чейин дагы 8 бала бакча ачуу болжолдонууда.