Аксыдагы 2 мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгынан аман калган Гүлмира Таштанованын абалы учурда турукташып калды. Ал үйүндө дарылануусун улантууда. SUPER.KG порталына окуянын кандай болгонун айтып берди.
"Биз оюндан болжол менен саат 17:10до чыктык. Мектеп директорубуз борборго келип тургула, ошол жерден алып кетем дегенинен биз ал жакка кетип баратканбыз. Бешөөбүз болчубуз. Бир убакта катуу ылдамдыкта келе жаткан унааны көрүп, ары качканга үлгүрдүм. Ошондо да ал унаа менин жамбаш жагымдан челип өтүп, 3 мугалимди жолдун бетонуна жабыштыра сүздү. Ал эми бирөө качып кеткенге жетишиптир. Каза болгон Гүлазым Сармырзаеванын жанында кичине кызы бар болчу. Ал унаа келип сүзгөндө кызын ичине катып, аман сактап калыптыр. Буюрса, кызынын абалы жакшы".
Кесиптештери көз алдында каза болгонуна ишенгиси келбей жаткан Гүлмира Таштанованын айтымында, кырсык болгон убакта бутунан баспай калып, оор жаракат алган Айчүрөк Исманова ооруканага жетпей каза болуп калган.
Ошондой эле ал окуя болгон күнү волейбол оюну учурунда Гүлазым Сармырзаева кызын кайра-кайра өпкүлөп, эркелетип жатканын кошумчалады.
Эске салсак, 10-февралда Аксы районунун борбору Кербен шаарында милиция кызматкери унаасы менен 4 мугалимди сүзүп кетип, экөө каза болгон. Ал эми дарыгерлер жаракат алып ооруканага түшкөн мугалимдердин бирине операция жасалганын кабарлашкан.