Бүгүн, 10-февралда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда милиция кызматкери 4 мугалимди сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя саат 18:00 чамасында Кербен шаарында болгон. Кырсыктын кесепетинен эки мугалим каза болуп, дагы 2 мугалим оор абалда аймактык ооруканага жеткирилди.
"Унааны Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери айдап бараткан. Ал жолдун тайгактыгынан улам башка унаадан качам деп жатып өзү жолдон чыгып кеткен. Жыйынтыгында жолдун четинде бараткан мугалимдерди сүзүп кеткен. Экөө каза болуп, экөө ооруканага жеткирилген. Алар Мамай атындагы орто мектептин 30-35 жаштагы мугалимдери болушкан. Милиция кызматкерин наркологияга алып барып текшергенде ичимдик ичпегени аныкталды", - дешти милициядан.
Учурда экспертиза дайындалып, кызматтык териштирүү жүрүүдө.