Журналист Элнура Алкановага эки берене боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда SUPER.KG'ге журналист өзү билдирди.
Анын айтуусуна караганда, ага Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы иш козгоп, айыбы угузулган.
"Мага кылмыш иши 2017-жылдын 18-декабрь күнү козголгон. Андан бери эки ай өттү, бирок мага бүгүн гана 2 берене менен айыбым угузулду. Ага ылайык, мага 193-берене (коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу) жана 194-берене (коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу) менен айып коюлду. Учурда иш Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилиптир", - дейт Алканова.
Ал Бишкек шаарынан чыкпоого милдеттендирилгенин кошумчалады.
Өткөн жылдын 18-декабрында Башкы прокуратура анын журналисттик материалы боюнча иликтөө жүргүзүп, "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Айта кетсек, Фергана.ру веб-сайтынын басылмасында "Бишкектеги "Идеал Хаус" VIP-шаарчасынын сатылышы боюнча чырлуу бүтүмдүн артында ким турат? II бөлүк" деген журналисттик материал жарыяланган.
Кийин өкмөттүн басма сөз кызматы журналисттен өкмөт башчысы Сапар Исаковдон кечирим сурашын талап кылышарын билдиришкен.
"Анда келтирилген жүйөлөр чындыкка дал келбегендигине байланыштуу өкмөттүн басма сөз кызматы Фергана.ру басылмасы жана анын кабарчысы Элнура Алканова тараптан өкмөт башчы Сапар Исаковдун жана анын чөйрөсүнүн аталган бүтүмгө тийиштиги бар экендиги тууралуу маалыматтын төгүнгө чыгарылышын жана коомчулук алдында кечирим суроосун талап кылат", - деп жазылган маалыматта.