Башкы прокуратура Бакиевдердики болгон 48 VIP-коттедж боюнча кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура премьер-министр Сапар Исаковдун кайрылуусунун негизинде "Бишкектеги "Идеал-Хаус" VIP-шаарчасын сатуу боюнча чуулуу иштин артында ким турат? 2-бөлүк" видеотасма боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында премьер-министрдин, анын туугандарынын же ага жакын адамдардын "Идеал Хаус" комплексин менчиктештирүүгө тиешеси жоктугу аныкталды. Бул 48 коттеджден турган VIP-шаарча Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караган жер тилкесинде салынган.

"Мындан тышкары өкмөт башчынын демилгеси боюнча Башкы прокуратура аталган комплексти менчиктештирүүнүн баштапкы баасын бекитүүгө байланыштуу Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунун кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокуратура "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ошентип Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунун жетекчилигинин жана кызмат адамдарынын күнөөлүү же күнөөлүү эместиги тергөөнүн жыйынтыгында аныкталат", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, сентябрь айынын аягында "Идеал Хаус" ЖЧКсына таандык объектилер боюнча аукцион өткөрүлүп, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан 48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылган. Баштапкы баа 240 миллион сом менен башталып, кийин 130 миллион сомго түшүрүлгөн. 12 гектар жерди ээлеген жана мурда Бакиевдерге тиешелүү болгон 48 коттедждин сатылышы боюнча өкмөттүн дарегине түрдүү сөздөр айтылып келет.

48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан