Бүгүн, 11-июнда ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитети “КРдагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап, жактырды. Буга чейин талкуудагы мыйзам долбоору бир топ талаш-тартыштарга тушуга тургандыгы эске алынып, парламенттик угуу өткөрүлсүн деген сунуш менен артка кайтарылган болчу. Мурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн окуп жаткан 23 жашка чейинки уул-кыздарына жөлөк пул төлөнүп келген болсо, эми ал жаш курак 18 жаш деген ченем менен аныкталганы жатат.
Баяндамачы социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, мыйзамда көрсөтүлгөн 23 жашты 18 жашка түшүрүү менен бюджет чыгымы 56 миллион сомго үнөмдөлөт. Үнөмдөлгөн акча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жөлөк пулдарын жогорулатууга жумшалат. Мындай колдоого ээ болуучу категорияга ВИЧ инфекциясынан жабыр тарткан балдар менен шал оорусуна кабылган өспүрүмдөр дагы кошулат. Статистикалык маалыматтарда көрсөтүлгөндөй, өлкөдө ВИЧ дартына чалдыккан 326 бала катталган.