Жалал-Абад. Вице-мэр Адималик Эламанов "2011-жылы кызматтан мыйзамсыз бошотулганымды сотто далилдедим" дейт

"Жалал-Абад шаардык соту тарабынан шаардык мэрия 2 жылдык айлык маянамды төлөп берүү маселеси көтөрүлдү. Жалпы 2 жылдык айлык маянам 388 миң 500 сомду түзгөн. Шаардын өнүгүшүнө кошкон салымым болсун деп анын 250 миң сомун алуудан баш тарттым",- деди Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Абдималик Эламанов 11-июндагы маалымат жыйын учурунда.

Шаардык соттун 2013-жылдын 30-апрелиндеги чечиминин негизинде мэриянын ушул жылдын 10-июнундагы буйругу менен шаардын биринчи вице-мэри болуп дайындалганын айтат Эламанов. "Акыйкаттык издеп 2 жыл соттошуп келдим, акыры шаардык сот бул маселеге чекит койду. Биздин мамлекетте акыйкаттык бар экенине ишенип отурам",- дейт вице-мэр. 

Эламанов 2011-жылы вице-мэрлик кызматтан мыйзамсыз алынгандыгын кошумчалады.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан