Бүгүн шаардык сотто депутат Шыкмаматовдун иши каралат

Бүгүн, 16-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соттук ишин кароо улантылат. Фракциянын катчылыгынан кабарлашкандай, анда күбө катары чакыртылган тараптар көрсөтмө беришет. Эгерде күбөлөр келбей калчу болсо айыпталуучулар өздөрү сурала турганын ишти карап жаткан соттук жамаат 25-январдагы отурумда чечкен.

Белгилей кетсек, 19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.

Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Соттун мындай чечимине макул эместигин билдирип Шыкмаматов Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан