Аксыда милиция кызматкери сүзүп, комада жаткан 35 жаштагы мугалим дале эсине келе элек

Аксы районунун Кербен шаарында милиция кызматкери унаасы менен сүзүп кеткен мугалим дале эсине келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда SUPER.KG порталына Аксы райондук аймактык ооруканасынын жетекчиси Медербек Осмонов билдирди.

"35 жаштагы А.М. аттуу мугалим 6 күндөн бери эсине келбей жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор, бирок туруктуу десек болот. Анын бир буту сынган, баш мээси катуу чайкалган", - дейт Медербек Осмонов.

Эскерте кетсек, 10-февралда саат 18:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында милиция кызматкери унаасы менен №52-“Мамай” атындагы орто мектебинин мугалимдерин жолдун четинде бара жаткан жеринен сүзүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aman-moskva
2018-02-16 11:37:45
Камаш керек 15 жылга ойөй кутулуп кеттат бары
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан