Бүгүн, 16-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралып, анын жүрүшүндө күбөлөр суралды. Үч күбө суракка алынгандан кийин сот мурда белгиленген мөөнөттөргө ылайык, 20-февралда уланта турган болду.
Бүгүнкү отурумда күбөлөрдү суракка алуу аягына чыгып, кийинки отурумда айыпталуучулар Алмамбет Шыкмаматов, Жусуп Иманалиев, Али Юксел суракка алына турган болду.
Белгилей кетсек, 19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.
Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Соттун мындай чечимине макул эместигин билдирип Шыкмаматов Бишкек шаардык сотуна кайрылган.