"Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы "Туратали" базарынын бүгүнкү абалы өтө кейиштүү", - деп жазган окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу.
Анын билдирүүсүнө ылайык, соода түйүндөрү бири-бири менен өтө тыгыз жайгашкан, өтмөктөр тар. Ал эми ичиндеги жолдор такыр эле адам басып жүрүүгө ыңгайсыз.
"Бул базардан түшкөн салык каякка кетет? Салыктын акчасынын аз гана бөлүгүн базардын ичин иретке келтирүүгө жумшашына чакырат элем. Жетекчилиги акча топтогонду гана эмес, андагы соодагерлерге да соода кылып келген кардарларга да шарт түзүш керек.
Эл келген үчүн соодагерлердин соодасы жүрүшүп аларга салык түшүп жатат. Жаан-чачындуу мезгилде качан жыгылып, качан булганам деп ойлойсуң, базардын айланасы да, ичи да көлчүккө толгон", - деп жазган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.