Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда 2027-жылдан тарта сотко чейинки медиатор менен жолугушуу милдеттүү болот

2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен маалыматтык жолугушуудан өтүү тартиби киргизилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтому чыкты.

Юстиция министрлиги билдиргендей, жаңы тартип жарандык-укуктук талаштардын бир катар түрлөрүнө, ошондой эле сотко чейин өндүрүштөгү анча оор эмес кылмыштарга тиешелүү болот.

"Жолугушууда медиатор талашты тынчтык жолу менен чечүүнүн жолдорун түшүндүрөт. Андан соң тараптар, медиативдик келишим түзүүнү же сотко өткөрүүнү тандай алышат. 2016-жылдын 20-декабрына чейин медиаторлордун мамлекеттик реестрин тиешелүү органдардын маалыматтык базалары менен интеграциялоо жана жана жарандарга акысыз медиатордук жардам көрсөтүү тартибин иштеп чыгуу пландалууда. Мыйзамга ылайык, тараптардын жеке маалыматтары жана купуялуулугу толугу менен сакталат",- деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан