Экс-аткаминер Учкунбек Ташбаев боюнча сот иши 12-июнда уланат

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 12-июнда Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Учкунбек Ташбаев боюнча сот иши уланат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Эскерте кетсек, Учкунбек Ташбаев менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айыпталууда. Кылмыш иши Биринчи Май райондук сотуна 2013-жылдын 9-апрелинде келип түшкөн жана судья Адылбек Субанкуловдун кароосуна берилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан