"Ош" эл аралык аэропортундагы аэродромго коно турган Москва-Ош 2 каттамы Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна жөнөтүлдү. Мындай маалыматты окурман бүгүн, 17-февралда "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.
Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, мындай абалга аба ырайы кескин өзгөрүп, абаны коюу туман каптагандыгы себеп болгон.
"Орусиядан келип коно турган Москва-Ош жана Раменское-Ош каттамындагы 2 учак аба ырайына байланыштуу коно албай Бишкекке жөнөтүлдү. Алгач каттамдар кармалып жатканы тууралуу айтылган, кийин коно албай Бишкекке жөнөтүлгөнү айтылды. Күтүп алуучулар ушундай суукта сыртта 1 сааттан ашык турушкан. Алардын арасында балдарын тосуп алууга келген кары-картаңдар жана ата-энелерин күтүп алууга келген жаш балдар бар. Аэропортто катталып, учуп кетүүчүлөр үчүн гана күтүү залы каралган. Күтүп алуучулар үчүн шарттар каралган эмес", - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.