ӨКМ: "Чычканда бензовоз жол кырсыгына кабылып, ичиндеги бензин сууга төгүлдү"

Чычкан капчыгайында бензовоз жол кырсыгына кабылып, ичиндеги бензин сууга төгүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 19-февралда саат 11:00дөр чамасында болгон.

"Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында бензовоздун айдоочусу унаасын башкара албай калып, жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Натыйжада алып бара жаткан 35 тонна бензиндин бир нече бөлүгү сууга төгүлсө, бир нече бөлүгү күйүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин 28-январда да Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан дарыясына түшүп, алып бара жаткан күйүүчү майы сууга төгүлүп калган. Натыйжада Чычкан дарыясынан 2 тоннадай балык өлгөнүн, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Isco23
2018-02-19 15:12:33
Чычкандын дарыясы бир жолу олду го
+1
Adiletia
2018-02-19 19:07:04
Туй энеең кайра кайра төгүлүп ит болдуго
-1
karakulja
2018-02-19 15:29:19
Айланайын мусулмандар, блок койгулачы ушул жерге. Монгунун суусун олтурдунор го
0
Dembele84
2018-02-19 17:38:17
Бензин только сууга тогулот,тосуш жок.306млн го Кочмон оюнун уюштурбай тешиктерди жамап алгылачы айланайындар.Кайсы акыбалына ошончо акча коротуп дагы оюн уюштуруп жатасын,проблема чачтан коп болуп турса?
0
Bakyt7492
2018-02-19 17:56:15
Бензин төгүлгөнүнө көчмөндөр оюнунун кандай тиешеси бар.Токтогулда пост бар.Бул кырсык, бир жагынан шоферлор күнөөлүү ага.Акырын айдаса болот да,алдынан чыккан машинаны сүрүп кетейин деп аз калышат.
0
Adiletia
2018-02-19 19:06:29
Bakyt7492, эми айттыда
0
trabzon11
2018-02-20 02:50:04
чычкан суусу токтогул Суу сактагычына барып кошулат ал жак тагы булгандыда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан