Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа сууга түшүп кетип бир адам каза болуп эки адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"20-январда саат 23:15тер чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында "Фредлайнер" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан суусуна түшүп кеткен. Натыйжада бир адам каза болуп, эки адам жаракат алган. Жабыркагандар Токтогул районунун ооруканасына жаткырылып, каза болгон адамдын жансыз денеси да ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, буга чейин окурман SUPER.KG порталына "Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа Чычкан суусуна кулап кетип 1 адам каза болду", - деп билдирген болчу.
Ал эми бул окуя боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кайрылганыбызда аталган унаада 30 тоннадай бензин болгонун, анын канча бир бөлүгү сууга төгүлгөнүн билдиришти.
"Азыр канча көлөмдөгү бензин сууга төгүлдү белгисиз, унааны суудан алып чыкканда так билинет. Учурда биздин кызматкерлер бензин төгүлгөн сууну текшерип жатышат. Лабораториянын жыйынтыгы менен төгүлгөн бензиндин канчалык зыян алып келгени белгилүү болот", - деп билдиришти аталган мекемеден.