Бүгүн, 12-июнда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Месарош, Жибек Жолу, Будённый, Күрөңкеев, Эркиндик бульвары, Абдрахманов көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Ушул эле убакытта Чүй облусундагы Лебединовка айылынын Мичурин, Комсомол, Чкалов, Ленин, Киров көчөлөрүнө электр жарыгын берүү убактылуу чектелет. Электр энергиясынын өчүрүлүшү бир катар электр жабдыктарын оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.