Сотто Алмамбет Шыкмаматов сурак берип жатып ага карата козголгон ишти саясий кысым деп атады

Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралды. Отурумдун жүрүшүндө депутат суракка алынып, ал ага карата козголгон кылмыш ишинин ойдон чыгарылганын айтып, аны саясий кысым деп атады.

"Бул иш ойдон чыгарылып, токулган, мага карата саясий кысым деп бааласак болот. Башка чара ойлоп таба алышпай ушул унааларга байланыштырып, кылмыш ишин козгошту", - дейт эл өкүлү.

Андан сырткары ал тендердик комиссиянын курамында болбогондугун, андыктан алардын ишине кийлигише албастыгын айтты.

Шыкмаматов суракка алынып бүткөн соң сот түшкү тыныгуу болуп калганына байланыштуу отурумду түштөн кийин улантуу чечимин кабыл алды.

Белгилей кетсек, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда.

Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.

Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Шыкмаматов соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muslim87
2018-02-20 14:38:29
Жээнбековдун бийлигинин, коопсуздук кеңешинде айткан сөздөрүнүн таасири тийип соттор адилеттүү чечим чыгарса экен эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан