Бүгүн, 12-июнда Ооганстандагы террорчулардын туткунунан бошотулган кыргызстандык учкуч Нургазы Конушбеков мекенине келди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. Боштондукка чыккан Нургазы Конушбеков президент Алмазбек Атамбаевге, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге жана башкаларга ыраазычылыгын айтты. “Кыргызстандын президентине жана өкмөт жетекчисине, УКМКнын кызматкерлерине терең ыраазычылыгымды билдирем. Ал эми террорчуларга карата эч кандай нааразычылыгым жок. Ал жерде 48 күндөй болдум. Эл жеген тамактан жеп жаттым”,- деди Конушбеков.