Бишкек мэриясы шаардын мурунку мэри Нариман Түлеевдин маалыматын четке какты

Бишкек шаардык мэриясы баш калаанын мурунку мэри Нариман Түлеевдин азыркы мэр Иса Өмүркуловдун дарегине айткан сындарды четке какты. Мэрия билдиргендей, 2009-жылдын 7-июлунда Бишкек шаардык мэриясынын №352-токтому менен Ахунбаев – Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер тилкеси кафе куруу үчүн берилген. Ошондой эле бул жер тилкеси Нариман Түлеев мэр болуп турганда берилгендигин мэрия баса белгиледи. Ал эми “Будда-бар” рестораны 2002-жылдын 1-февралында Октябрь райондук соту чыгарган чечимге ылайык, Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде 2007-жылдын 3-апрелинде 07/40673 номуру менен катталган. Жогоруда айтылган маалыматтарга таянып, мэрия мурунку мэр Нариман Түлеевдин билдирүүсү менен макул эместигин жарыялады. Эске сала кетсек, 11-июнда мурунку мэр Нариман Түлеев "Түлеев мэр болуп турган учурда Ахунбаев - Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакка тиешелүү жерди сатып жиберген" деген маалымат так эместигин айтып, ал жер 2004-жылы эле сатылып кеткендигин билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан