11-июнда КРнын Украинадагы элчиси Улукбек Чыналиев менен аталган өлкөнүн маданият министри Леонид Новохатько жолугушту. Жолугушууда Новохатько ушул жылдын аягында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата эки өлкөнүн чыгармачыл жамааттарынын Киев шаарында өтө турган сүрөт көргөзмөсүнүн алкагында Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасы боюнча спектакль коюларын айтты. Мындан сырткары эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтыктын учурдагы абалы талкууланды. Чыналиев Киев академиялык драма театрында болуп, “Ак кеме” спектакли боюнча даярдыктын жүрүшүнө күбө болду.