ЖЫЛНААМА, 21-ФЕВРАЛЬ: Экинчи планда роль жаратса да, баш каарманды көлөкөсүндө калтырган корей актёру Кан Ха Ныль 28 жашка чыкты

Ли Мин Хо, Ли Жоң Сок, Ким Су Хён, Ким У Бин... Дал ушул атактуулардын жашы бирдей жана алардын баары бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан Кан Ха Нылга курдаш да, атаандаш да... Журналисттер бул жаатта аларды салыштырып, суроо берүүнү эрмек да кылып алышкан. Буга Кан Ха Ныль минтип жооп берген: “Алардан айырмам – мен башкы ролдордун артынан сая түшүп куубайм. Анын үстүнө актёрлук карьерамды шаштырууну жактырбайм”.


1990-жылы туулган Кан Ха Ныль кино аянтчасындагы карьерасын 2007-жылы баштаган. Ага чейин актёрлуктун даамын театр сахнасынан татып, 7-класста окуган мезгилинде эле пьесада ойногон. Бул жолду тандоого ата-энесинин театрда актёр болгондугу себеп болуп калган.


Актёр балалыгында толук болчу. Анын айынан классташтары шылдыңдашканын да айтат. Ошондо тай боксу менен машыгууга өтүп, 30 килограммга арыктаган. Тасмалардын бириндеги ролуна даярданып жатып да кыска убакытта эле 8 килограммга арыктаган.


Кан Ха Ныль деген ысым менен таанылганы менен, өз аты-жөнү Ким Ха Ныль. Болгону ушундай эле ысымдуу белгилүү корей актрисасы бар болгондуктан, аты-жөнүн өзгөртүүгө туура келген. Кызыктуусу, Кан Ха Ныль менен Ким Ха Нылдын ысымдары гана эмес, туулган күндөрү, чыгыш гороскобу боюнча жылдары да окшош.

Көрөрмандарга 2011-жылы чыккан “Сен менин жандыгымсың” тасмасы аркылуу таанылган. Ал эми “Мураскерлер” сериалындагы ролу атактуулугун арттырган. Ошондой эле ийгиликтүү дорамалардын ичинен “Корё: Кызыл жүрөктөр” (2016-жыл), “Мисэң” (2014-жыл), “Периштенин көздөрү” (2014-жыл), ал эми тасмалардан “Жыйырма” (2014-жыл), “Жаш полиция кызматкерлери” (2017-жыл), “Кайра угууну” (2017-жыл) белгилөөгө болот. Ар бир ойногон ролун баалагандыктан маектеринин биринде “фильмографияны карап, аны өпкүлөп салгым келет” деп айткан.


Корей сериалдарынын күйөрмандары жана бул тармакта иш алып барган режиссёрлор бир ооздон Кан Ха Нылдын саналуу эпизодго тартылып, экинчи пландагы ролду аткарса да, көбүнчө баш каарманды көлөкөсүндө калтырарын айтышат. "Анын магдыраган көз карашы жүрөктү элжиретип жиберет" деп анын бул өзгөчөлүгүн кайталап жазуудан тажашпайт.

Дагы убактысы бар экендигине карабай, өткөн жылдын сентябрь айында аскердик кызмат өтөөгө жөнөп кеткен. Армиядан 2019-жылы кайтат.

21-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан