super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-СЕНТЯБРЬ: Сериалдарга болгон сүйүүсү Ли Жоң Сокту тасма талаасына ээрчитип келген. Корей актёру бүгүн 28 жашка чыкты

 
“Мектеп 2013” сериалында Ким У Бин менен чогуу ойногон. Экөө жакын достор да болуп саналат.
“Мен сени уга алам” сериалында өзүнөн улуу актриса менен романтикалык мамилени жеткиликтүү ойногондугу менен мактоого татыган.
“Пиноккио” сериалында Пак Шин Хе менен чогуу ойногон.
“W: Эки дүйнө” сериалынан.
Актёр бүгүнкү атактуулугун багындырууга чейин, 2005-жылы.
Ли Чон Сок өзүн кыздардан да сулуумун деп ойлорун калп детектору ачыкка чыгарып койгон.

“Кичинекей кезимден эсимде калганы - бул телевизор көрүү мага аябай жагар эле. Айрыкча сериалдарды тирмие тиктеп отурчумун. Катуу берилип алып, башкы каармандарга суктанчумун. “Мен да ушундай актёр болсом ээ?” деген таттуу кыял дал ошол балалыгымда пайда болгон”. 1989-жылы туулган түштүк кореялык актёр Ли Жоң Сок тасма талаасына келип калгандыгы тууралуу маектеринин биринде ушинтип айтып берген. Анын балалыгынан тартып багып келген кыялы анын учурдагы атактуулугуна чоң таасирин тийгизип келет.

Таң калууну жаратат, бирок Ли Жоң Сок кандай долбоорду тандабасын, ал сөзсүз чоң ийгилик менен коштолот. “Андай инстинкт сериалды тажабай көрүүнү жактырганымдан улам. Бош убактым боло калары менен үйгө шашам, түрдүү дорамаларды көрөм. Процесс учурунда ар кандай образдарды жаратууга аракет кылам, өзүм да сериал сүйүүчү болгондуктан элге эмне жагарын жакшы түшүнөм”, - деген актёр ийгилигинин сырын ачыктап берүүдө.

Ли Жоң Сок 2010-жылы чыккан “Сырдуу бак” дорамасынан кийин элге тааныла баштаган. Аталган сериалды көрүүчүлөр баса калып көрүшкөнү белгилүү. Ал эми актёрлукка моделдиктен келген атактуу мектептен эле акча табууга киришкен. Ли Жоң Сок тартылган популярдуу сериалдар - бул “Мектеп 2013”, “Мен сени уга алам”, “Пиноккио” жана “W: Эки дүйнө”.

Жакын арада Сюзи менен чогуу тартылган “Сен уктап жатканда” сериалы көрсөтүлүп баштайт. Айтмакчы, Гу Чжун Пёнун ролу менен таанылган Ли Мин Хонун учурдагы сүйлөшкөн кызы Сюзи менен буга чейин Ли Жоң Сок да кыз-жигит деген кептер тараган.

Актёр тууралуу дагы бир кызыктуу жагдай бар. Ал көңүл борборунда болуудан коркот. Эл көп болгон жерге баруудан мурун ал толкундануусун басаңдатуучу дары ичүүгө муктаж. Бирок анын мындай фобиясы рекорд жаратууга тоскоолдук кылбайт. 2015-жылы Ли Жоң Сок Кытайга барып, ал өлкөдөгү күйөрмандары менен онлайн-трансляция аркылуу 2 сааттык жолугушуу уюштурган. Түз эфир өз аянтчасына 800 миң адамды топтой алган. Бул фанаттардын жолугушуусундагы күйөрмандардын санынын көптүгү боюнча рекорд болуп калган.

Ли Жоң Сокту жактырган күйөрмандар анын келбетин көп талкуу кылышат. Шоу берүүлөрдүн бирине чакырылган актёрго алпаруучу тарабынан “сиз өзүңүздү кыздардан сулуумун деп эсептейсизби?” деген суроо берилген. Атактуу бир саамга ойлонуп, анан “жок” деп жооп берген. Бирок аны калп детектору “сатып” коюп, жообун жалган деп билдирген.

14-сентябрдын жылнаамасы.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.09.2017. 19:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
13-05-2014
Соӊку аракети:
18-11-2018 16:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
МО
0
Олло жагат да ушул актёр
14.09.2017. 22:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
11-04-2013
Соӊку аракети:
09-10-2018 19:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Ли Мин Хо экоону суйомда. Красавчик
15.09.2017. 06:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
703
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
+3
ушуларды бири биринен кантип айырмалайсыңар?Кечээкиде эле ушуга окшош бирөө чыкты эле го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117936;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: