21-февралда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде жаш режиссёр Гүлнара Эшалиеванын "Кечээ, бүгүн, эртең" аталышындагы драмасы тар чөйрөгө көрсөтүлдү. Режиссёр Жумабек Осмоновдун "Шабдалынын гүлү" пьесасынын негизинде тартылган тасма Гүлнара Эшалиеванын, үн режиссёрунун жана оператордун дебюттук эмгектери.
Тасма тууралуу кыскача кеп
Кымыз жыттанган айылдын боз чаң баскан көчөлөрү. Багында алма, жүзүм, шабдалы мөмө салып турат. Талаасында жүгөрү дүмбүл байлап калган кез. Эрмектин иниси Замирге айтып баштаган жомогун сырттан ичип келген атасы бузду. Үйдүн кожоюну Байыш мындан бир нече жыл мурда кошуна-колоңдордун малын уурдап, абакка отуруп, жакында эле чыккан. Түрмөдөн чыккандан кийин ичкиликке берилип, үй оокаттары менен такыр иши болбой калган. Ал балдарына мээрим төгүп, тарбия бергендин ордуна ур-токмокко алар эле. Айылдагылар Эрмек менен Замирди аракеч, уурунун балдары деп оюнга да кошушпай, кекетишчү.
Бул үй-бүлөнүн тажаал кошунасы дайыма бир шылтоо таап, уруш чыгарып жүрбөсө башы ооруйт. "Сактыкта кордук жок" дегендей, Байыштын кошунасы үйүн тегерете капкан коюп койгон. Ал аял Байыш абактан чыкса жалгыз уюмду уурдап, арак ичип салат деген ойдо бул кадамга барган. Бир жолу Замир, Эрмек жана атасы болуп топ ойноп жатып, тобу кошунасынын бакчасына учуп кетет. Дарбазадан ашып түшүп, топту алам деген Эрмектин буту капканга түшүп калат. Баласынын ачуу чаңырыгын уккан энесинин жүрөгү ооруп, ошол жерден каза болот. Ал эми Байышты милиция кызматкерлери уруулукка шектүү деп кармап кетишет. Бир эле убакта орун алган кырсык, апасынын өлүмү жана атасынын суракка алынышы кичинекей Замирди жалгыз калтырды. Багар-көрөрү жок деп интернатка алып барса, Замир ал жактан качып кетет. Бирок бир тууган балдар доолуу катынды жаман көрүп калбайт, алардын мамилеси жакшы жакка өзгөрөт.
Окуя мындан ары курчуп, андагы кайгылуу эпизоддор, аянычтуу тагдырлар чагылдырылып фильм көпчүлүктү ойго салды.
Тасма тууралуу актёр Азиз Мурадиллаев: "Режиссёр тасма аркылуу эмнени айткысы келгени түшүнүктүү, жалпыга жеткиликтүү тасма болуптур. Албетте, биринчи эмгеги болгондон кийин мүчүлүштүктөрү бар. Көрүүчүлөрдүн, кино жаатындагы тажрыйбалуу инсандардын сынын эске алып коюу ашыктык кылбайт", - дейт.
Ал эми тасманын башкы каарманы Замирдин ролун аткарган Жыргалбек Жолдошев тасмага кантип тартылып калганын дагы деле түшүнө электигин айтып, залда отургандарды күлкү менен сугарды. "Келгениңиздер үчүн рахмат! Досум Даниярга да рахмат! Анткени ал мага "кастинг болуп жатыптыр" деп айтты. Апама айтсам "барсаң барып көр" деген. Сынактан кантип өткөнүмдү түшүнгөн жокмун. Гүлнар эжем "сценарийдин жарымын жаттап кел" деп берген. Мен болсо баарын жаттап алыптырмын", - дейт.