Депутаттар КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн Жогорку Кеңешке футболкачан келгени үчүн сынга алышты

12-июндагы ЖКнын жыйынында депутат Нарынбек Молдобаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү  Вячеслав Гончаровдун ЖКнын жыйынына футболкачан келгенин сынга алды. “Өзүңүздү сыйлабайсызбы, бул жер Ак үй, сиздин эмне деген мамилеңиз бул?!” деди депутат. Гончаров жаңы эле кызматтык иш сапардан келгендигин жана кийимин алмаштырууга жетишпей калгандыгын айтып, кечирим сурады. Ал эми депутаттар Байкоочу кеңештин мүчөсү кийинип келүүсү керектигин айтышып, Гончаров кийинип келүү үчүн жыйын залынан чыгып кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан