Биз социалдык тармакта

Нарын. Нарын районунун аймагына жаңы шаарча курулат

Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу башталган соң Нарын районундагы Орток айылына караштуу аймакка жаңы шаарча курулат. Бул тууралуу аталган райондун акими Түгөлбай Жаанбаев 12-июнда Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталышына арналган иш-чарада билдирди. Шаарча 67 гектар аянтты ээлейт. Ал эми жаңы ГЭСтер курулуп калса, облустун жүздөгөн тургундары да иш менен камсыз болмокчу. Айта кетсек, бүгүнкү иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик жетекчилери жана "РусГидро" ишканасынын өкүлдөрү катышып жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан