Бишкек шаарындагы Гоголь көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы батирден өрт чыгып, 14 жаштагы өспүрүм өрттөн качып терезеден боюн таштаган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кырсыктын күбөлөрү билдирди.
Маалыматты Бишкек шаардык "Тез жардам" кызматы тастыктап, өспүрүм №3-балдар ооруканасына жеткирилгенин билдирди. Буга чейин ӨКМ аталган даректе бүгүн саат 15:20 чамасында өрт чыкканын кабарлаган эле.