Бүгүн, 22-февраль күнү Бишкек шаарында Гоголь көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 14 жаштагы өспүрүм жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 15:20да көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 5-кабатынан өрт чыкканы тууралуу Өрт өчүрүү кызматына маалымат келип түшкөн. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн 2 тобу тартылып, өрт саат 16:42де толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен 14 жаштагы өспүрүм жабыркап, Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жеткирилген.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда, алдын ала айтылган маалымат боюнча өрт башка батирлерге өткөн эмес.