Аксыдагы 2 мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгынан оор жаракат алган мугалимдин абалы дале оор

Аксы районунун Кербен шаарындагы 2 мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгында катуу жаракат алган Мукадас Ажыбаева дагы деле эсине келе элек. Бул тууралуу мугалимдин жолдошу Азизбек Ажыбаев SUPER.KG`ге билдирди.

"Жубайым дагы деле комада. Аны райондон облустук ооруканага алып келдик. Бирок абалы дагы деле турукташа албай жатат. Азыр мен күнү-түнү жанында болуп жатам. Бирок комадан чыкпай жатканы сарсанаа кылууда", - дейт Ажыбаев.

Эске салсак, 10-февралда Аксы районунун борбору Кербен шаарында милиция кызматкери унаасы менен 4 мугалимди сүзүп кетип, экөө каза болгон. Ал эми дарыгерлер жаракат алып ооруканага түшкөн мугалимдердин бирине операция жасалганын кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан