Бишкек шаары вандализмдин курмандыгына айланууда

“Бишкек шаарындагы эстелик, отургуч, мекеме дубалдарына чиймеленген ар кандай жазууларды, сүрөттөрдү күн сайын тазалап, өчүрөбүз. Бирок шаардагы жаштар маданият дегенди унутуп бара жатат,- дейт “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Токтобек Элгондиев. Албетте, шаардын көркүн бузган мындай жагымсыз аракеттерди улуу муундун өкүлдөрү жасабашы турган иш. Кызматкер кейигенчелик эле бар. Коомдук жайлардагы адепке сыйбаган ар кандай жазууларды күн сайын көрүп эле жүрөбүз. Төмөнкү сүрөттөрдө Абдрахманов, Чүй, Жибек-Жолу көчөлөрү, Жаш Гвардия бульвары жана “Ата Түрк” сейил багындагы эстелик, имарат дубалдары, отургуч жана башкалар чагылдырылды. Баса, жаштардын жагымсыз жоругуна Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинин кызматкерлери да нааразы. “Биздин кызматкерлер музейдин дубалын актаса, кайра эле сүрөт тартып, буттары менен из калтырып кетет. Бул маселени чечиш үчүн биз өкмөткө кайрылганбыз. Музейдин сыртын темир тор менен тосолу деп жатабыз. Башка кандай чара колдонууну да билбей калдык” дешет музей кызматкерлери. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан