“20 жыл ичинде бузулган нерсени Атамбаев 1,5 жылда калыбына келтире албайт”,- деди президент Алмазбек Атамбаев 12-июнда Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталышына арналган иш-чарада. Айтымында, 4 жылдан соң армия жана чек аралар тартипке келтирилип, баары өз жайына түшөт. “Кудай Кыргызстанды колдоп, кыргыз элине сабырдуулук берсин. Балдар менен аксакалдар жакшы гана нерселерди көрсүн, эл алданбасын. Биз бейиштей болгон жерде жашап жатабыз. Суунун башында жашап туруп, ич ара урушуп жатабыз, ал эми президент болсо грант издеп жүрөт – бул уят! Биз өзүбүздү өзүбүз камсыз кылышыбыз керек”,- деди өлкө башчы.