22 жашка толо элек кыздардын чет мамлекетке чыгуусуна тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алынды

Бүгүн, 12-июнда ЖКнын жыйынында чет мамлекетке 22 жашка толо элек кыздардын чыгуусуна тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алынды. Бул токтомду 59 депутат колдошуп, 2 депутат каршы болушту. Мындай демилгени көтөрүп чыккан депутат Ыргал Кадыралиеванын айтымында, кыргызстандык жаш кыздар чет мамлекеттерде төрөп, балдарын таштап кеткен учурлар катталган. Токтомго ылайык, 22 жашка чыга элек кыргызстандык кыздар чет мамлекеттерге чыгуу үчүн ата-энесинен уруксат алуулары кажет. Бирок чет жакка окууга жана дарыланууга кетип жаткандыгы тууралуу документтер көрсөтүлсө бул чектөөлөр аларга тиешелүү болбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан