Күйөөсүн кызгануудан улам өзүнө өзү кол салган келиндин окуясы боюнча экспертиза дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Бишкек шаарындагы Ала-Тоо конушунун 40 жаштагы А.М. аттуу тургуну 42 жаштагы Б.М. аттуу күйөөсүн кызганып, өзүнүн ичине ашкана бычагы менен сайып жиберген.
"40 жаштагы аял ичине бычак сайып жибергени боюнча маалымат милицияга 23-февраль күнү саат 23:00 чамаларында келип түшкөн. Айтылган дарек боюнча милиция кызматкерлери барган. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, ал аял күйөөсүн кызганып, өзүнүн ичине бычак сайып жиберген. Учурда бул окуя боюнча экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Белгилей кетсек, окуя тууралуу 24-февралда өздүк булактар "бир келин жолдошун аяштарынан кызганып өзүнө өзү кол салды", - деп кабарлашкан.