23-февралда Бишкектеги Ала-Тоо конушунда келин жолдошун аяштарынан кызганып, өзүн өзү өлтүрүү үчүн бычакты курсагына сайып алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына милициядагы өздүк булактар билдиришти.
"23-февралда майрам күнү аталган конуштагы үйлөрдүн биринде чакан майрам болгон. Бир келин жолдошун аяштарынан кызганып өзүнө өзү кол салды. Отургандар кызуу абалында болушчу. "Тез жардам" кызматы келип, келиндин ичин таңып, Бишкек шаарынын №4-ооруканасына алып кетишти", - дешти өздүк булактар.