Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарында күрөш боюнча 31-Азия чемпиондугу старт алды. Бул мелдеш Кыргыз жергесинде 2-жолу өткөрүлүүдө. Буга чейин аталган мелдеш Бишкек шаарында 2007-жылы өткөн. SUPER.KG порталы Азия чемпиондугуна катышып, медалдарды жеңип алган Кыргыз спортчуларды тизмектейт.
Спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондуктарда Кыргыз балбандары жалпы эсепте 84 медаль жеңип алышкан. Балбандар 13 алтын, 23 күмүш жана 48 коло медаль тагынып, медалдар боюнча Азия өлкөлөрүнүн арасында 9-орунда турат.
Манила 1995-жыл
Алгачкы медалдарды Кыргыз балбандар 1995-жылы Филиппиндин Манила шаарында өткөн Азия чемпиондугунда жеңип алышкан. Бул мелдеште Кыргыз спортчулары 2 күмүш жана 1 коло медалдын ээси болушкан.
Анда грек-рим күрөшү боюнча 82 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Кыргыз тарыхындагы мыкты балбандардын бири Раатбек Санатбаев финалда казакстандык Бахтияр Байсеитовдон жеңилүү ызасын тартып, күмүш медалга ээ болгон.
Дагы бир күмүш медалды азыркы учурда Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жеңип алган. Ал эркин күрөш боюнча 74 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, финалдык беттеште ирандык Иса Момениден жеңилип калган.
Ал эми коло медалдын ээси эркин күрөш боюнча 57 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Максат Бобурбеков болгон.
Медалдык жарыш:
1-орун: Түштүк Корея (7 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль);
2-орун: Иран (5 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медаль);
3-орун: Казакстан (5 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль);
9-орун: Кыргыз өлкөсү (2 күмүш жана 1 коло медаль).
Сяошань 1996-жыл
1996-жылы Кытайдын Сяошани шаарында өткөн мелдеште Кыргыз балбандар эркин күрөш боюнча мелдеште 3 коло медаль тагынган. Анда коло байгелерди 48 килограммга чейинки салмак ченинде Владимир Торговкин, 100 килограммга чейинки салмак ченинде Константин Александров жана 130 килограммга чейинки салмак ченинде Игорь Климов тагынышкан.
Медалдык жарыш:
1-орун: Япония (8 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медаль);
2-орун: Түштүк Корея (5 алтын, 5 күмүш жана 1 коло медаль);
3-орун: Казакстан (4 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль);
13-орун: Кыргыз өлкөсү (3 коло медаль).
Тегеран 1997-жыл
1997-жылы Азия чемпиондугу Ирандын Тегеран шаарында өткөн. Анда Кыргыз спортчулары кайрадан 3 медаль тагынган. Бул ирет Кыргыз балбандары 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушкан.
Анда грек-рим күрөшү боюнча 76 килограммга чейинки салмак ченинде Бисолт Дециев финалда япониялык Такамицу Катаямага жеңилип калып, күмүш медалга ээ болгон.
Раатбек Санатбаев 85 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, финалда кореялык Пак Мён Сэкге жеңилип калган. Жыйынтыгында Санатбаев 2-жолу күмүш медалын тагынган.
Ал эми коло медалдын ээси эркин күрөш боюнча мелдешке катышкан Алмаз Аскаров болгон.
Медалдык жарыш:
1-орун: Япония (6 алтын, 4 күмүш жана 3 коло медаль);
2-орун: Иран (5 алтын жана 6 коло медаль);
3-орун: Түштүк Корея (4 алтын, 5 күмүш жана 2 коло медаль);
11-орун: Кыргыз өлкөсү (2 күмүш жана 1 коло медаль).
Ташкент 1999-жыл
1999-жылы Өзбекстандын Ташкент шаарында орун алган Азия биринчилигинде Кыргыз балбандар биринчи жолу алтын медалга жана кыз-келиндер арасындагы мелдеште алгачкы медалга ээ болгон. Жалпы эсепте Кыргыз спортчулары 1 алтын жана 3 күмүш медаль жеңип алышкан.
Алтын медалга грек-рим күрөшү боюнча 85 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Раатбек Санатбаев ээ болгон. Ал финалда өзбекстандык Зафархон Ачилов менен кез келип, аны жеңип алган.
Нурбек Изабеков эркин күрөш боюнча мелдеште 76 килограмм салмак ченинде өзбекстандык Руслан Хинчаговго жеңилип калып, 2-ирет Азия чемпиондугунун күмүш медалына ээ болгон.
Эркин күрөш боюнча мелдеште 58 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Руслан Мажинов, финалдык беттеште Түндүк Кореянын спортчусу Ли Ён Самга жеңилип калып, күмүш медалды тагынган.
Ал эми Кыргыз тарыхындагы кыз-келиндер арасындагы алгачкы медалды 19 жаштагы Яна Панова жеңип алган. Ал 75 килограммга чейинки салмак ченинде, алтын медаль үчүн таймашта япониялык Таэко Томиока менен беттешип, жеңилүү ызасын тарткан.
Медалдык жарыш:
1-орун: Япония (5 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль);
2-орун: Өзбекстан (4 алтын, 7 күмүш жана 4 коло медаль);
3-орун: Түштүк Корея (4 алтын жана 2 коло медаль).
6-орун: Кыргыз өлкөсү (1 алтын жана 3 күмүш медаль).
Гуйлинь, Сеул 2000-жыл
2000-жылы Азия биринчилиги экиге бөлүнүп өткөрүлгөн, анда эркин күрөш боюнча мелдеш Кытайдын Гуйлинь шаарында өтсө, грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы мелдеш Түштүк Кореянын Сеул шаарында орун алган. Бул мелдештерде Кыргыз балбандар 1 алтын жана 2 күмүш медаль жеңип алышкан.
Алтын медалдын ээси катары менен 2-жолу Раатбек Санатбаев болгон. Ал финалда Түштүк Кореялык Со Сан Мён менен күрөшүп, жеңишке жеткен.
Күмүш медалдардын ээси эркин күрөш боюнча 85 килограммга чейинки салмак чениндеги Болотбек Өмүракунов тагынган. Ал өзбекстандык Расул Катиновасов менен беттеште жеңилип калган.
Кыз-келиндер арасындагы мелдеште Яна Панова 2-күмүш медалын жеңип алган. Бул ирет Кыргыз балбаны салмак категориясын алмаштырып, 68 килограммга чейинки салмак категорияда күч сынашкан. Салмак өзгөргөнгө карабай Яна Панова финалда кайрадан япониялык балбанга жеңилип, алтын медалга жетпей калган.
Медалдык жарыш:
1-орун: Өзбекстан (6 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медаль);
2-орун: Япония (6 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль);
3-орун: Кытай (2 алтын, 3 күмүш жана 5 коло медаль);
8-орун: Кыргыз өлкөсү (1 алтын жана 2 күмүш медаль).
Улан-Батор 2001-жыл
2001-жылы Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн чемпиондукта Кыргыз балбандар 1 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушкан. Кыргыз спортчулар күмүш медалды кыз-келиндер арасындагы мелдеште жеңип алышса, коло медалды грек-рим боюнча мелдеште жеңишкен.
Кыз-келиндер арасындагы 68 килограммга чейинки салмак ченинде Яна Панова катары менен 3-жолу күмүш медалдын ээси болду. Ал финалдык таймашта кытайлык Ван Сюй менен беттешип, жеңилип калган.
Коло медалдын ээси эркин күрөш боюнча 54 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан Уран Калилов болду.
Медалдык жарыш:
1-орун: Иран (9 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль);
2-орун: Япония (4 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль);
3-орун: Монголия (3 алтын, 3 күмүш жана 5 коло медаль);
9-орун: Кыргыз өлкөсү (1 күмүш жана 1 коло медаль).
Нью-Дели 2003-жыл
Индиянын Нью-Дели шаарында 2003-жылы өткөн Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Канатбек Бегалиев эл аралык мелдештердеги алгачкы медалын жеңип алган. Ал грек-рим күрөшү боюнча 66 килограммга чейинки салмак категорияда коло медалды тагынып, Кыргыз капчыгына жалгыз медалды алып келген.
Медалдык жарыш:
1-орун: Иран (7 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль);
2-орун: Япония (5 алтын жана 2 күмүш медаль);
3-орун: Казакстан (4 алтын жана 5 коло медаль).
10-орун: Кыргыз өлкөсү (1 коло медаль).
Тегеран, Алматы, Токио 2004-жыл
2004-жылы күрөш боюнча Азия чемпиондугу 3 өлкөдө өткөрүлгөн, анда грек-рим күрөшү боюнча мелдеш Казакстандын Алматы шаарында өтүп, эркин күрөш боюнча мелдеш Ирандын Тегеран шаарында өтсө, кыз-келиндер арасындагы мелдеш Япониянын Токио шаарында өткөрүлгөн. Бул мелдештерде Кыргыздын балбандары 5 медалга ээ болгон.
Анда спортчулар 1 алтын жана 4 күмүш медаль тагынганга үлгүргөн. Алтын медалдын ээси, 2003-жылдан тартып Кыргыз желегинин алдында мелдештерге катышып баштаган, грузиялык Геннадий Чхаидзе болгон. Ал грек-рим күрөшү боюнча 96 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, финалда Түштүк Кореянын спортчусу Хан Тэ Ёнду жеңип алган.
Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз балбандары Жанарбек Кенжеев жана Дильшот Хажиев күмүш медалдардын ээлери болгон.
Кенжеев 84 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алтын медаль үчүн тиреште казакстандык Абдулла Жабраиловдон жеңилип калган.
Хажиев болсо 120 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, финалда казакстандык Георгий Цурцумияга жеңишти тарттырып жиберген.
Кыргыз спортчусу Алексей Крупняков эркин күрөш боюнча мелдеште 96 килограммга чейинки салмак категорияга катышып, алтын медаль үчүн күрөштө өзбекстандык Магомед Ибрагимовдон жеңилип калган. Муну менен Крупняков Азия чемпиондугунун алгачкы күмүш медалын тагынган.
Дагы бир күмүш медалды Кыргыз капчыгына буга чейин алтын медалга 3-жолу үлгүрбөй калган Яна Панова алып келген. Ал 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, финалда япониялык Нориэ Сайтодон жеңилүү ызасын тарткан. Муну менен Панова Азия чемпиондуктарынын 4-күмүш медалына ээ болгон.
Медалдык жарыш:
1-орун: Япония (6 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль);
2-орун: Казакстан (3 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль);
3-орун: Иран (3 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль);
6-орун: Кыргыз өлкөсү (1 алтын жана 4 күмүш медаль).
Ухан 2005-жыл
2005-жылы Азия чемпиондугу Кытайдын Ухан шаарында өткөрүлгөн. Бул жылы балбандар Кыргыз капчыгына 6 медаль алып келген (1 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль).
Алтын медалдын ээси грек-рим күрөшү боюнча 74 килограммга чейинки салмак категорияда күрөшкөн Данияр Көбөнов болгон. Ал финалда казакстандык Бахтияр Байсеитов менен кез келип, анын үстүнөн жеңишке жеткен.
Күмүш медалдын ээси 60 килограммга чейинки салмак категорияда күч сынашкан Ринат Усупжанов болгон. Ал грек-рим стилинде күрөшүп, алтын медаль үчүн күрөштө ирандык Али Асканиден утулуп калган.
2 коло медалды Кыргыз спортчулар грек-рим стилиндеги күрөштө жеңип алышкан. Анда медалдардын ээлери 84 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Жанарбек Кенжеев жана 96 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Азамат Эркинбаев болгон.
1 коло медалды эркин күрөш боюнча мелдеште Руслан Суменков жеңип алса, дагы 1 коло медалды кыз-келиндер арасындагы мелдеште Яна Панова жеңип алган.
Медалдык жарыш:
1-орун: Кытай (4 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медаль);
2-орун: Иран (4 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль);
3-орун: Түштүк Корея (4 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль);
8-орун: Кыргыз өлкөсү (1 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль).
Алматы 2006-жыл
2006-жылы Азия биринчилиги Казакстандын Алматы шаарында өткөрүлгөн. Бул ирет Кыргыз балбандар алтын медалсыз калып, 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алышкан.
Күмүш медалдын ээлери грек-рим күрөшү боюнча 74 килограммга чейинки салмак категорияда күрөшкөн Данияр Көбөнов жана эркин күрөш боюнча 96 килограммга чейинки салмак категорияда күрөшкөн Алексей Крупняков болгон. Данияр Көбөнов ирандык Давуд Абединзадеден жеңилип калса, Крупняков казакстандык Нуржан Катаевге утулуп калган.
Ал эми коло медалдардын ээлери эркин күрөш боюнча 74 килограммга чейинки салмак категорияда күрөшкөн Талант Жекшенов жана 120 килограммга чейинки салмак категорияда күрөшкөн Урмат Мустапаев болгон.
Дагы бир коло медалды Кыргыз капчыгына кыз-келиндер арасындагы мелдеште 67 килограммга чейинки салмак категорияда күч сынашкан Яна Панова алып келген.
Медалдык жарыш:
1-орун: Казакстан (6 алтын, 2 күмүш жана 6 коло медаль);
2-орун: Япония (5 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль);
3-орун: Иран (3 алтын, 2 күмүш жана 5 коло медаль);
8-орун: Кыргыз өлкөсү ( 2 күмүш жана 3 коло медаль).
Бишкек 2007-жыл
2007-жылы өткөн Азия чемпиондугу Кыргыз тарыхындагы эң ийгиликтүү болуп саналат. Анткени бул жылы Кыргыз өлкөсү алгачкы жолу күрөш боюнча Азия чемпиондугун кабыл алган. Бишкек шаарында өткөн биринчиликте Кыргыз балбандар 8 медаль жеңип алып (4 алтын жана 4 коло медаль), медалдык жарышта алгачкы жолу алдыңкы үчтүккө кире алган.
Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште алтын медалдардын ээлери Канатбек Бегалиев жана Данияр Көбөнов болушкан. Бегалиев 66 килограммга чейинки салмак категорияда күрөшүп, финалда Түштүк Кореялык Чон Жи Хёнди жеңип алса, Көбөнов болсо 74 килограммга чейинки салмак категорияда күрөшүп, алтын медаль үчүн беттеште казакстандык Асет Адиловду жеңип алган.
Дагы 2 алтын медалды Кыргыз капчыгына эркин күрөш боюнча мелдеште Базар Базаргуруев жана Алексей Крупняков алып келген. Базаргуруев финалда япониялык Синья Одатэни жеңип алса, Крупняков ирандык Амир Моради Ганжини жеңип алган.
3 коло медалды грек-рим күрөш боюнча Кыргыз балбандар алып келишкен. Анда 60 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Руслан Түмөнбаев, 84 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Жанарбек Кенжеев жана 120 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Нурбек Ибрагимов коло медалдарды тагынышкан.
Дагы бир коло медалды кайрадан салмак категорияны алмаштырып, кыз-келиндер арасында 72 килограммга чейинки салмак категорияда өзүн көрсөткөн Яна Панова алып келген.
Медалдык жарыш:
1-орун: Иран (6 алтын, 4 күмүш жана 4 коло медаль);
2-орун: Кытай (5 алтын, 1 күмүш жана 9 коло медаль);
3-орун: Кыргыз өлкөсү (4 алтын жана 4 коло медаль).
Чежу 2008-жыл
Түштүк Кореянын Чежу шаарында 2008-жылы өткөн Азия чемпиондугунда Кыргыз балбандар 4 медалды тагынышкан (1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль). Бул ирет Кыргыз спортчулары эркин күрөш боюнча мелдеште медалдарга илинбей калышкан.
Грек-рим стилинде 60 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Руслан Түмөнбаев бул мелдеште алтын байгени жеңип алууга үлгүргөн. Ал финалдык беттеште өзбекстандык Дильшод Ариповду утуп алган.
Күмүш байгелердин ээлери грек-рим күрөшү боюнча Канатбек Бегалиев жана Данияр Көбөнов болгон. Бегалиев 66 килограммга чейинки салмак ченинде күчүн сынап, финалда Түштүк Кореянын спортчусу Ким Мин Чхольго жеңилип калса, 74 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Данияр Көбөнов финалда кытайлык Чан Юнсянга утулуп калган.
Ал эми коло медалды кыз-келиндер арасында 72 килограммга чейинки салмак категорияда күрөшкөн Яна Панова алып келген
Медалдык жарыш:
1-орун: Япония (7 алтын, 1 күмүш жана 7 коло медаль);
2-орун: Иран (4 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль);
3-орун: Кытай (3 алтын, 1 күмүш жана 5 коло медаль);
5-орун: Кыргыз өлкөсү (1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль).
Паттайе 2009-жыл
2009-жылы Азия биринчилиги Таиланддын Паттайе шаарында өткөн. Мында Кыргыз спортчулары 4 коло медаль гана жеңип алышкан. Анда грек-рим күрөшүндө 120 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Мурат Рамонов, эркин күрөш боюнча 55 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Нурлан Орозбек улуу жана 60 килограммга чейинки салмак ченинде Базар Базаргуруев, кыз-келиндер арасындагы 72 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Яна Панова коло медалдарды тагынышкан.
Медалдык жарыш:
1-орун: Иран (9 алтын жана 3 коло медаль);
2-орун: Япония (4 алтын, 2 күмүш жана 5 коло медаль);
3-орун: Казакстан (3 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медаль);
10-орун: Кыргыз өлкөсү (4 коло медаль).
Нью-Дели 2010-жыл
Индиянын Нью-Дели шаарында 2010-жылы өткөн Азия чемпиондугунда Кыргыз балбандары 3 коло медаль жеңип алышкан. Анда грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Каныбек Жолчубеков алгачкы медалына ээ болсо, Жанарбек Кенжеев Азия биринчилигинин 3-коло медалына ээ болгон. Дагы бир коло медалды эркин күрөш боюнча 120 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Айаал Лазарев жеңип алган.
Медалдык жарыш:
1-орун: Кытай (5 алтын, 3 күмүш жана 5 коло медаль);
2-орун: Түштүк Корея (5 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль);
3-орун: Иран (5 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль);
11-орун: Кыргыз өлкөсү (3 коло медаль).
Ташкент 2011-жыл
Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн мелдеште Кыргыз спортчулары 1 алтын жана 4 коло медаль жеңип алышкан. Алтын медалды грек-рим стилинде күрөшкөн Арсен Эралиев жеңип алган. Ал финалдык беттеште өзбекстандык Ильдар Хафизов менен кез келип, анын үстүнөн жеңишке жеткен.
Коло медалдарды грек-рим стилинде Мурат Рамонов жеңип алса, эркин стилинде Иннокентий Иннокентьев жана Айбек Усупов ээ болсо, кыз-келиндер арасында Мехринисо Нурматова коло медалды тагынган.
Медалдык жарыш:
1-орун: Иран (5 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль);
2-орун: Өзбекстан (4 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль);
3-орун: Япония (4 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль);
7-орун: Кыргыз өлкөсү (1 алтын жана 4 коло медаль).
Куми 2012-жыл
2012-жылы Азия биринчилиги Түштүк Кореянын Куми шаарында өтүп, Кыргыз балбандар 1 алтын жана 4 коло медаль жеңип алышкан. Анда Кыргыз капчыгына алтын медалды Магомед Мусаев алып келген. Ал эркин стилинде 96 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, финалда кореялык Ким Жэ Канды жеңип алган.
Коло медалдарды грек-рим стилинде күрөшкөн Каныбек Жолчубеков жана Атай Койчукулов жеңип алса, дагы 2 коло медалды Кыргыз капчыгына кыз-келиндер арасында мелдеште Мехринисо Нурматова жана Алтынай Анарбек кызы алып келген.
Медалдык жарыш:
1-орун: Иран (8 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль);
2-орун: Кытай (4 алтын, 3 күмүш жана 5 коло медаль);
3-орун: Казакстан (3 алтын, 3 күмүш жана 7 коло медаль);
6-орун: Кыргыз өлкөсү (1 алтын жана 4 коло медаль).
Нью-Дели 2013-жыл
2013-жылы Азия чемпиондугу 4-жолу Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн. Анда Кыргыз спортчулары алтын медалга жетпей калганы менен Кыргыз капчыгы 1 күмүш жана 8 коло медалга толгон.
Күмүш медалды эркин стилинде күрөшкөн Айбек Усупов жеңип алган. Ал 84 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, финалдык беттеште өзбекстандык Умиджон Исмановго жеңилип калган.
Коло медалдарды эркин стилинде Улукман Маматов жана Айаал Лазарев тагынса, грек-рим стилинде Каныбек Жолчубеков, Арсен Эралиев, Азат Бейшебеков жана Мурат Рамонов тагынган. Ал эми дагы 2 коло медалды кыз-келиндер алып келген, анда Мехринисо Нурматова өзүнүн 3-коло медалын тагынса, Айсулуу Тыныбекова алгачкы медалына ээ болгон.
Медалдык жарыш:
1-орун: Түштүк Корея (5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль);
2-орун: Өзбекстан (4 алтын медаль);
3-орун: Япония (2 алтын, 3 күмүш жана 5 коло медаль);
10-орун: Кыргыз өлкөсү (1 күмүш жана 8 коло медаль).
Астана 2014-жыл
2014-жылы күрөш боюнча Азия чемпиондугун Казакстан кабыл алган. Астана шаарында өткөн мелдеште 17 өлкөдөн келген 257 спортчу медалдар үчүн күч сынашкан. Кыргыз балбандары бул мелдеште 2 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медалга ээ болуп, жалпы командалык эсепте 4-орунда жайгашкан.
Алтын медалдарды грек-рим стилинде күрөшкөн Руслан Царев жана Жанарбек Кенжеев тагынышкан. Царев финалда тажикстандык Хусрав Облобердиевди жеңип алса, Кенжеев алтын медаль үчүн беттеште ирандык Юсеф Гадеряндын үстүнөн жеңишке жеткен. Ошондой эле грек-рим стилинде күмүш медалды Мурат Рамонов жеңсе, коло медалды Каныбек Жолчубеков тагынган.
Эркин күрөш боюнча мелдеште Магомед Мусаев финалда монголиялык Доржхандык Хюдербулгадан утулуп, күмүш медалды тагынса, Самат Надырбек уулу жана Иннокентий Иннокентьев коло байгелерге ээ болгон.
Кыргыз капчыгына 3-күмүш медалды Айсулуу Тыныбекова алып келген, ал финалда кытайлык Чжан Лань менен беттешип, жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми 4-коло медалды Кыргыз капчыгына Розалия Тилегенова алып келген.
Медалдык жарыш:
1-орун: Иран (7 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль);
2-орун: Казакстан (5 алтын, 2 күмүш жана 7 коло медаль);
3-орун: Япония (3 алтын, 3 күмүш жана 7 коло медаль);
4-орун: Кыргыз өлкөсү (2 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медаль).
Доха 2015-жыл
2015-жылы Азия биринчилиги Катардын Доха шаарында өткөн. Анда Кыргыз балбандар эң көп күмүш медалдарга ээ болушкан. Кыргыз спортчулар жалпысынан 1 алтын, 6 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алышкан.
Жалгыз алтын медалды эркин күрөштө Айаал Лазарев жеңип алган, ал 125 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, финалда ирандык Комейл Гасемини жеңип алган. Күмүш медалдады эркин күрөштө Самат Надырбек уулу, Эламан Догдурбек уулу жана Магомед Мусаев жеңип алышкан.
Грек-рим стилинде күрөшкөн Руслан Царев жана Атабек Азисбеков финалда жеңилүү ызасын тартып, күмүш медалдарды тагынышкан. Ошондой эле грек-рим күрөшүндө Арсен Эралиев коло медалын утуп алган.
6-күмүш медалды Кыргыз капчыгында Айсулуу Тыныбекова алып келген. Ал кыз-келиндер арасындагы мелдештин финалында япониялык Каори Итё менен кез келип жеңилип калган.
Медалдык жарыш:
1-орун: Иран (7 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медаль);
2-орун: Япония (4 алтын, 5 күмүш жана 9 коло медаль);
3-орун: Кытай (4 алтын, 3 күмүш жана 5 коло медаль);
7-орун: Кыргыз өлкөсү (1 алтын, 6 күмүш жана 1 коло медаль).
Бангкок 2016-жыл
Таиланддын Бангкок шаарында 2016-жылы өткөн Азия чемпиондугунда Кыргыз балбандар 10 медаль жеңип алып, жалпы командалык эсепте 2-орунду ээлеген. Бул жылы Кыргыз спортчулары 3 алтын, 2 күмүш жана 5 коло медаль тагынышкан.
Грек-рим күрөш боюнча мелдеште Каныбек Жолчубеков жана Жанарбек Кенжеев Азия чемпиондуктардагы 2-алтын медалдарына ээ болушкан. Финалдык беттеште Каныбек Жолчубеков ирандык Саман Абдевалини жеңип алса, Кенжеев өзбекстандык Мухаммадали Шамсиддиновду жеңип алган. Ал эми 130 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Мурат Рамонов финалга чыгып, бирок анда ирандык Амир Монжазиден утулуп калып, күмүш медалга ээ болгон. Ошондой эле Руслан Царев жана Үзүр Жусупбеков Азия биринчилигинин коло медалдарына ээ болушкан.
Эркин күрөш боюнча мелдеште Магомед Мусаев 97 килограммга чейинки салмак ченинин финалында ирандык Реза Язданиге жеңилип калып, күмүш медалга ээ болгон. Ошондой эле бул мелдеште Улукбек Жолдошбеков, Саякбай Усупов жана Айаал Лазарев коло медалдарды тагынган.
Кыргыз капчыгына 3-алтын медалды Айсулуу Тыныбекова алып келген. Ал кыз-келиндер арасындагы мелдештин финалында казакстандык Айым Абдильдина менен кез келип, жеңишке жеткен.
Медалдык жарыш:
1-орун: Иран (9 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль);
2-орун: Кыргыз өлкөсү (3 алтын, 2 күмүш жана 5 коло медаль);
3-орун: Кытай (3 алтын, 1 күмүш жана 8 коло медаль);
Нью-Дели 2017-жыл
2017-жылы Индия күрөш боюнча Азия чемпиондугун 5-ирет Нью-Дели шаарында кабыл алган. Бул жылы Кыргыз балбандар 1 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль гана тагына алышкан. Анда Кыргыз капчыгындагы жалгыз алтын медалды Айсулуу Тыныбекова жеңип алса, жалгыз күмүштү Муслим Евлоев тагынган.
Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн күрөштө индиялык Сарита менен күч сынашып, мелдештин жыйынтыгында 6:0 эсебинде Кыргыз спортчусу жеңишке жеткен. Муну менен Айсулуу Тыныбекова эки ирет катары менен Азия чемпиондугун багынткан.
Күмүш медалды жеңип алган Муслим Евлоев эркин күрөш боюнча мелдештин финалында Бекзод Абдурахмоновго жеңилип калган.
Ал эми Кыргыз капчыгына коло медалдарды Магомед Мусаев, Нургазы Асангулов жана Самат Шырдаков алып келген.
Медалдык жарыш:
1-орун: Япония (8 алтын, 3 күмүш жана 5 коло медаль);
2-орун: Иран (7 алтын, 2 күмүш жана 6 коло медаль);
3-орун: Казакстан (2 алтын, 5 күмүш жана 6 коло медаль);
7-орун: Кыргыз өлкөсү (1 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль).
Жалпы медалдык жарыш
Ал эми күрөш боюнча Азия чемпиондуктардын тарыхында медалдык жарышта Иран курама командасы 163 алтын медаль менен 1-орунду ээлеп келе жатат. 2-орунда 98 алтын медаль менен Япония жайгашса, 3-орунда 77 алтын медалдын ээси Түштүк Корея командасы жайгашкан.
Жалпы медалдык жарыш:
1-орун: Иран (163 алтын, 71 күмүш жана 92 коло медаль, жалпы 326 медаль);
2-орун: Япония (98 алтын, 84 күмүш жана 99 коло медаль, жалпы 281 медаль);
3-орун: Түштүк Корея (77 алтын, 66 күмүш жана 96 коло медаль, жалпы 239 медаль);
9-орун: Кыргыз өлкөсү (13 алтын, 23 күмүш жана 48 коло медаль, жалпы 84 медаль).