Декларация: Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Элдияр Убалиев 2012-жылы 2 081 233 сом киреше тааптыр
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Элдияр Убалиев 2012-жылы 2 081 233 сом киреше тааптыр. Бул маалымат анын бир жылдык кирешеси жана жалпы мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн. Убалиев кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү тууралуу эч кандай маалымат берген эмес. Ал эми анын жакындары өткөн жылы 1 710 000 сом киреше тапса, мүлктөрү төмөнкүчө көрсөтүлгөн: 150 чарчы метр аянтты ээлеген 1 үй, 1996-жылы чыгарылган Тойота Виндом жана 2001-жылы чыгарылган Тойота Витс унаалары.