Түркияда 23 жаштагы Кыргыз кызы 25 жылга эркинен ажыратылды

Түркиянын Конья шаарында Кыргыз кызы 25 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы Конья шаарында түркиялык жаранды Кыргыз аял муунтуп өлтүргөн. Бул окуядан соң Конья шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, шектүү аялды Кайсери шаарынан кармашкан.

Сурак учурунда ал Анталия шаарына иштегени келип маркум менен таанышып, бирге жашап калышканын айткан.

27-февраль күнү Конья шаардык соту Кыргыз кызын атайылап киши өлтүргөн деп таап, 25 жылга эркинен ажыратты.

Эске салсак, окуя 2016-жылдын август айында Конья шаарындагы үйлөрдүн биринде болгон. Анда 24 жаштагы үй ээси Муаммер Башактын жансыз денеси табылган. Бул кылмышка шектелип 21 жаштагы Б.Канзада аттуу кыз жана С.Хусейин аттуу түрк жараны кармалгандыгы маалымдалган.

Түркияда адам өлтүрүүгө шектелген Кыргыз кызы 25 жылга эркинен ажыратылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
grace
2018-02-27 21:40:25
Ай байкушум ай, Кыргызстанда эле жүрсөң болбойт беле... Акча табам деп жүргөн кыйналган кыргыздардын кусуру урсун жемкорлорду! Жемкорлорго каргыш жана наалат!
+25
raykray
2018-02-27 21:45:56
Супер инфо инданезиядагы Жибек Сакеева боюнчада кабар бергилечи,качан чыгат ошону кутуп эле журом
+9
kanu
2018-02-27 22:17:19
raykray,ошо мен да кызыгып куттум эле унутуп кетиптирмин жакшы эстетип койбодунузбу,супер инфо кутобуз тез арада
+5
Nagii
2018-02-27 22:46:45
raykray,саламатсызбы? Жибек деген ким эле?
+3
admin_superstan
2018-02-28 11:38:51
raykray, саламатсызбы! https://www.super.kg/article/show/35535
0
Jipargyl17
2018-02-28 17:22:49
raykray,ал.ким эмне болгон.
0
Arlenchik
2018-02-27 21:53:54
Абдан окунучтуу жаман болуптур, жаштыгы омурунун жарымы турмодо отот экенда, ал жака барбайле оз жеринделе журсо болмок экен, жалпы кыргыз кыздары иш издеп чет жака чыкпай эле койгулачы, аз тапсанарда оз эл-жеринерде болгула, кыздардын чет жака барып иштешине каршымын.
+3
Farhad.baku
2018-02-27 21:54:45
Кыргызстанда болсо мындай болбойт эледа баарын жеп жутушту жумуш орун жок айла жок башка олкого чыгып атабызда.Ойлонсонор боло ЧОНДОР элди ойлогон депутаттар президент барбы элди кор кылдынар жеп жула качып атып
+2
Soni130587
2018-02-27 22:11:16
Кап десе омурунун жарымын турмодо откорот экенсин 48 жашында чыгат экен.
+1
kanu
2018-02-27 22:20:24
Байкушум ай жон жерден эле олтурбосо кк ошонусунда эске алып кыскарак жаза кессе болмок экен. 50 гочыкканда эркиндикке чыгабы ошондо жаштыктын баары кетет ко турмодо элчилик да аракет кылып кызды жактап хотя 10жыл десе болмок экен.Олгон киши олду да 25ж десе тирилип кетчуу беле.
+5
00AbibhanovMunarbek0045
2018-02-27 22:20:58
Рас болуптур мен биринчи жолу ушунтип кубанып жатам
-17
Batma08
2018-02-27 22:32:03
00AbibhanovMunarbek0045,неге
+3
Zambrek
2018-03-04 22:10:04
00AbibhanovMunarbek0045,табалаба антип
0
lenovo
2018-02-27 22:42:43
жашап калбай эле ,КР кайтса ушу иш жок эле . Эми 48 жашта чыгат экен
0
00AbibhanovMunarbek0045
2018-02-27 23:20:16
Кыргызстандын атынан чет жакта ###### болуп жургондорго Кыргызстанда эле эмес эч жерде орун болбош керек
-9
ZamiraM
2018-02-28 01:02:24
00AbibhanovMunarbek0045,мээн жайындабы, тообоо, жапжаш кыз ОЗУ кыла алмак эмес, бир нерсе болгон бул жерде
+3
lizaliza
2018-02-28 00:55:30
Аябай журогум ооруду. Эркекти муунтуп олтурчуу алы деле жок арык кыз экен...Курулай доомат менен эле камалып кетпеди бекен?
+10
falkao
2018-02-28 04:04:29
lizaliza,Туркия Кыргызстан эмес сага. Мыйзам иштейт буларда куноолуусунбу мойунун менен тартасын. Аркы жигитке бир барып бул жигитке бир тийип жон журбогон неме экени корунуп турат го. Тынч эле журсо бироо мунун балекетин алабы
-3
karakulja
2018-02-28 01:33:47
Туктууну каалап кеткенсин,
Турмушушун токтоп калгансып.
Торкуно барып тийгенсин,
Турмону самап баргансып.
-5
portugalia
2018-02-28 11:05:48
karakulja,21жашта сени да кормокмун.Кыз кордолсо ошо ишке барган болуг керек
0
tynchy
2018-02-28 09:27:10
Жапжаш кыз бойдон кирип кемпир бойдон чыгат экен да шордуга жаман болуптур ата-энеси кантти экен сабыр берсин
+1
MAN-CITY
2018-02-28 11:08:41
Келин кыздарга тыйуу салуу керек туркияга барганга.
+2
Asyl.jazi
2018-02-28 19:40:58
Кайсы элдин жүдөө көрсөң зайыбын, ошол элдин эркегине кой айыбын!
+1
Malik92
2018-03-03 15:06:43
Кана биздин уялчаак Жепжутатыбыз?Же кепкасын ылдый басып Ак-уйдо отура береби??Кыйын экенсинер турктордон алып келгиле озубуз жазалайбыз кызыбызды деп.Дамирбеке ичинер катуу ачышты элего.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан