Түркияда адам өлүмүнө шектелип 21 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта түркиялык басылмалар жазышууда.
Басылманын маалыматына караганда, окуя 2-август күнү Конья шаарындагы үйлөрдүн биринде болгон. Анда 24 жаштагы үй ээси Муаммер Башактын жансыз денеси табылган. Бул кылмышка шектелип 21 жаштагы Б.Канзада аттуу кыз жана С.Хусейин аттуу түрк жараны кармалган.
Кыргыз жараны Б.Канзада берген көрсөтмөсүндө Түркияга 2016-жылдын башында жумуш издеп келгенин айткан. “Мен Кыргыз жериндеги мейманканалардын биринде иштечүмүн. Анан бир тааныш жигит “Анталиядан жакшы жумуш таап берем” деп бул жакка алып келген. Бирок ал менин 3 миң доллар карыз экенимди жана ал карыздан кутулуу үчүн сойкулук менен алектенишим керек экенин айтты. Кийин Муаммер Башак менен таанышып, ал мени Коньяга алып келди. Экөөбүз бирге жашап жүрдүк”, - деп билдирген.
Ошондой эле ал көңүлдөшү Муаммер Башакты кантип өлтүргөнүн айтып берген: “Окуя болгон күнү Муаммер Башак үйгө мас абалда келип, мени сабады. Ызама чыдабай С.Хусейин аттуу таанышыма чалып, окуя тууралуу айттым. Ал “сени өлтүрө электе, биринчи аны өлтүр” деп кеңеш берди. Муаммер Башак уктап жатканда моюн орогуч менен муунтуп өлтүрдүм. Кийин С.Хусейинден жардам сурасам, ал баш тартты. Жансыз денени жашырууга аракет кылдым, бирок жалгыз алым жеткен жок. Анан үйдү бекитип, Кайсери шаарындагы таежемдин үйүнө кетип калдым”.