Дүйнөлүк моделдердин катарында орусиялык актриса жана модель Наталья Водянова бар экени талашсыз. Супер модель атыккан орус кызы 1982-жылдын 28-февралында Орусиянын Төмөнкү Новгород шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал "Л’Ореаль Париж" ("L'Oreal Paris") франциялык косметикалык каражаттар компаниясынын жүзү.
Ата-энеси эрте ажырашкандыктан 11 жашынан тарта апасы менен базарда жашылча-жемиштерди сатып иштейт. Анын базарда 30 килограммдык коробкаларды көтөрүп жүргөн күндөрү да болгон. Түйшүктөн арылбаган Наталья 15 жашында апасынан өзүнчө бөлүнүп чыгып, батир жалдап, досу менен жашап калат.
Мектепти аяктагандан кийин Төмөнкү Новгород шаарындагы педагогикалык колледжге тапшырат. Модель болуу түшүнө да кирбеген Натальяны досу моделдик агенттикке алып келет. 16 жаштагы кыз Москвадагы "Вива" ("Viva") франциялык моделдик агенттигинин кастингине чакыруу алат. Сынактан өзүн татыктуу көрсөтүп, дароо эле Париждеги "Madison" сынагына жолдомону илип кетет.
"Кастингден кийин менде бир нерсе бар экенин түшүндүм. Себеби мага эркектер көз артып жатышат. Ошондо сырткы келбетим менен бир сыйкырдуу иштер орун аларына ынандым", - деген күтүүсүз келген ийгилигине.
Анын модель катары таанылып кетишине франциялык модельер Жан-Поль Готье себепкер болгон. Париждеги сынакта калыстар тобунун мүчөсү болгон франциялык модельердин орус кызына назары түшүп, жумушка чакырат. Бирок атаандаштык күч алган жерде карьера куруп кетүү Наталья үчүн оңойго турган жок. Тапкан каражаты батирдин ижарасына жана тамак-ашына гана жетчү.
Ушул учурда Натальяга ийгилик жылмайып, немистердин "Elle" журналына фотосессияга чакырылат. Ал эми Нью-Йорктогу мода көргөзмөсүнө катышкан соң көңүл жылытарлык сунуштар жаап, "Гуччи" ("Gucci"), "Ив Сен-Лоран" ("Ives Saint-Laurent"), "Кельвин Кляйн" ("Calvin Klein") компанияларынын көргөзмөлөрүнө катышып, алтургай "Vogue" жана "Харперс базар" ("Harper's Bazaar") басылмаларынын жылдызы боло алган.
2003-жылы "Кельвин Кляйн" ("Calvin Klein") компаниясы менен келишим түзөт. Компаниянын тарыхында Наталья Водянова эң көп гонорар алган модель деп табылган. Ал эми триумф жараткан мезгили деп "Пирелли" ("Pirelli") компаниясынын календарына тартылганы эсептелет. Анткени италиялык компаниядан дүйнөдөгү эң ажарлуу жана атактууларга гана сунуш түшчү.
Карьерасындагы ийгилик жараткан мезгил катары 2002-жыл саналат. Дал ошол жылы Нью-Йорктогу мода жумалыгында 12 дизайнердин кийимдерин подиумга көргөзүп чыккан.
"Санди таймс" ("Sunday Times") басылмасы Наталья Водянованы Улуу Британиядагы эң бай адамдардын катарына кошкон. Анын жылдык кирешеси болжол менен 5 миллион доллар (2013-жылдагы эсеп) деп эсептелген.
2008-жылы Наталья мода дүйнөсүнөн кетерин, кайрымдуулук иштерди жасоону колго аларын коомчулукка жарыялаган. Бирок моделге болгон суктануу дагы деле бүткөн эмес.
Наталья Водянованын үй-бүлөлүк жашоосу да сөзгө аларлык. Ал коллекционер жана эркин сүрөтчү Жастин Портман менен Париждеги кечелердин биринде таанышкан. Ал: "Мен бул кечеге ойдо жок жерден келип калгам. Ошол кечеде Жастин менин курбум менен башка столдо сүйлөшүп турган. Мен мас абалында элем, ал менин жаныма келгенде катуу сүйлөп алгам. Экөөбүз 2 саат айтышканбыз. Бизди карап тургандар кыраан каткырыкка бөлөнгөн. Эртеси күнү Жастин кечирим сурап, жолугушууга чакырган", - деп эскерген. Бир нече жолку кездешүүлөрдөн кийин түгөйлөр ортосунда аруу махабат бар экенин түшүнүп баш кошушат.
2001-жылы таттуу түгөйлөр Лукас аттуу уулдуу болушат. Кызыгы жан шериктер уулдуу болгондон кийин ак тоюн өткөрүшкөн. Ал эми 2006-жылы Нева деген кыздуу болсо, 1 жылдан соң Виктор аттуу уулдуу болушкан. 2011-жылы модель күйөөсү менен ажырашып, франциялык жеке ишкер, "Берлути" ("Berluti" - мырзалардын бут кийимин жана аксессуарларын чыгарган европалык белгилүү компаниялардын бири. Компания 1993-жылдан тарта "LVMH Moët Hennessy - Louis Vuitton" концернинин катарына кошулган. Белгилүү компаниялардын башын бириктерген концернде "Louis Vuitton", "Givenchy", "Guerlain", "Chaumet", "Moët & Chandon", "Hennessy" өңдүү бренддер бар. Ал эми аталган концерндин президенти планетанын эң бай адамы Бернар Арно) компаниясынын жетекчиси Антуан Арно деген мырза менен жолугуп баштайт. Антуан Арно менен Наталья Максим жана Роман аттуу эки уулдуу болушкан.
Көп балалуу эне макамын алып жүргөн Наталья Водянова учурда Орусиядагы жардамга муктаж балдарга жардам көрсөткөн "Жылаңач жүрөктөр" ("Обнажённые сердца") фондун негиздеп, кайрымдуулук иштерин жасап келет.
2012-жылы "Сүйүшкөндөр" ("Влюблённые") тасмасында башкы каармандын ролун жараткан.
28-февралга карата жылнаама.