Ош облусунун Кара-Кулжа районунда дарыяга агып кеткен 44 жаштагы адам дале табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кечээ, 28-февралда эртең мененки саат 9:00дөн баштап саат 17:00гө чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок дарыяга агып кеткен адамдын денеси табылган эмес.
Ошондой эле басма сөз кызматынан ал жаранды издөө иштери бүгүн, 1-мартта да улантыларын кабарлашты.
Айта кетсек, буга чейин ӨКМдан Кара-Кулжа районунун Ичке-Суу айылы аркылуу өткөн Тар дарыясына 44 жаштагы М.М. аттуу жаран агып кеткенин кабарлашкан.