Ош облусунун Кара-Кулжа районунда дарыяга агып кеткен 44 жаштагы адам изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кечээ, 27-февралда Кара-Кулжа районунун Ичке-Суу айылы аркылуу өткөн Тар дарыясына 44 жаштагы М.М. аттуу жаран агып кеткен. Бул тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына саат 17:00дөр чамасында келип түшкөн. Аны издөөгө куткаруучулардын бир бөлүмү тартылган. Кийин издөө иштери түн кирип кеткенине байланыштуу токтотулган. Бүгүн издөө иштери улантылат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.