Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен УКМКнын төрагасы Коргоо кеңешинин жыйынын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшүн талкуулашты
Бүгүн, 13-июнда президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы жана КРнын Коргоо кеңешинин катчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды. Жолугушууда өлкөнүн Куралдуу күчтөрү жана жаңы кабыл алынган аскердик доктрина маселелери карала турган Коргоо кеңешинин жыйынына даярдыктын жүрүшү талкууланды.