ЖЫЛНААМА, 1-МАРТ: "Кучак толо гүлдөргө чөмүлүп калдым" дейт 46 жашка толгон Салтанат Саматова

Бүгүн, 1-мартта алып баруучу, ди-джей, тамада Салтанат Саматова 46 жашка толду. 20 жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келген айымды SUPER.KG порталы туулган күнү менен куттуктап байланышты.

"Туулган күнүм адаттагыдай эле үй-бүлөмдүн, санаалаштарымдын жана туугандарымдын курчоосунда өтүп жатат. Ар бири оригиналдуу белектерин тартуулап, жылуу сөздөрүн айтышты. Кучак толо гүлдөргө чөмүлүп калдым. Куттуктап келгендердин аягы суюлбай, үйүбүзгө меймандар келип жатышат", - деп билдирди.

Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктап, Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун музыкалык факультетин бүтүргөн. Алгач радиодо ди-джей катары таанылып баштаган. Андан кийин телеалпаруучулук кызматты аркалаган. Учурда коомдук иш-чараларды жана “Акыл Ордо” теледолбоорун алып барат.

1-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baiana
2018-03-01 19:20:06
Бактылуу болуңуз эжеке.Мен жактырган алып баруучу .....
+6
Snejana
2018-03-01 20:36:48
Мен дагы жактырам. Аман болунуз. Бар болунуз. Коп жашаныз. Оорубаныз.
+4
run
2018-03-01 22:54:26
Мен да сыйлайм
Уй булолук бакытыныз кемибесин
+2
vikidiki
2018-03-03 14:06:06
Кут болсун!!! Коп жашагыла!! Аябай позитивная да!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан