Жакын арада Япониянын Кыргызстандагы элчилиги Чүй аймактык ооруканасына жардам катары медициналык жабдууларды тапшырат. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тапшырыла турган жабдуулардын ичинде балдардын өпкө оорусун текшерүүчү аппарат, видеомикроскоп жана башкалар бар. Медициналык каражаттардын жалпы суммасы 55 350 долларды түзөт. Жардам “Өсүмдүктөрдүн тамыры жана адамдардын коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында берилүүдө.