АКШда мыйзамсыз курал ташууга шектелип кармалган Теңгиз Сыдыковдун бир тууганы Чыңгыз Сыдыков баңгизатын колдонгон абалда Кыргыз жергесинде кармалды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 5-мартта SUPER.KG порталына анын апасы, Кыргыздын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкова билдирди.
"Чыңгыз баңгизатын колдонгон абалда укук коргоо органдары тарабынан кармалды деген маалымат жалган. Уулум учурда жанымда эле, бирок анын буга чейин Улуттук коопсуздук комитетине барып, иниси Теңгиздин кармалганы боюнча сурак бергени чын", - дейт Замира Сыдыкова.
Айта кетсек, буга чейин чет элдик басылмалар АКШда жашаган Кыргыз жараны Чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн деп шектелип кармалганын жазып чыгышкан. Кийин кармалган Кыргыз жараны Теңгиз Сыдыковдун апасы Замира Сыдыкова уулунун күнөөлүү эмес экенин айткан.
Кийин апасы Теңгиз Сыдыковдун бошотулганын кабарлаган.