АКШда Кыргыз жараны Чеченстанга мыйзамсыз курал ташып жүргөн деп шектелип кармалды

АКШда жашаган Кыргыз жараны Чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн деп шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2 жаран кармалган, алардын бири 28 жаштагы Теңгиз Сыдыков Кыргыз өлкөсүнүн жараны болсо, экинчиси 27 жаштагы Эльдар Резванов аттуу Казакстандын жараны болгон. Алар АКШнын Виргиния штатынын Алегзандрия шаарында жашап жүрүшкөн. Аларды АКШдан жүздөн ашык ок атуучу куралдарды жасалма документтер менен, лицензиясы жок Чеченстанга жиберүүгө аракет кылган учурда кармашкан. Учурда алар "ок атуучу куралдарды аткезчилик жол менен эл аралык деңгээлде сатуу" жана башка укук бузуулар менен алектенген деген айыпталууда.

Ошондой эле аталган маалыматта АКШнын мыйзамдарына ылайык, мындай айып коюлган адамдар жок эле дегенде 20 жылга эркинен ажыратылары айтылган.

Ал эми Тышкы иштер министрлигине кайрылганыбызда, бул маалымат боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Refiri87
2018-03-01 13:07:39
Жакшы кесип мага жагат чакыргылачы силер олтурганда ордунарда иштеп турайын
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан