Ош облусунун Кара-Кулжа районунда дарыяга агып кеткен 44 жаштагы адам дале табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан 27-февралдан бери Кара-Кулжа районунун Ичке-Суу айылы аркылуу өткөн Тар дарыясына агып кеткен 44 жаштагы жаранды издөө иштери жүрүп жатат. Кечээ, 5-мартта да издөө иштери улантылып, бирок натыйжасыз болгон. Бүгүн да издөө иштери улантылат.
Айта кетсек, буга чейин ӨКМдан Кара-Кулжа районунун Ичке-Суу айылы аркылуу өткөн Тар дарыясына 44 жаштагы М.М. аттуу жаран агып кеткенин кабарлашкан.